АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 8-9-10-февралы № 6
Ижарага теректерди алып жүргөн ижарачы К.Коккозованын кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2023-жылдын 8-9-10-февралдарындагы кезектеги 10-сессиясы, Маданият айылынын тургуну ижарачы К.Коккозованын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1.Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жараны К.Коккозованын ижарага берилген теректеринин жетилген теректерин суюлтуп кесүүгө макулдук берилсин.
2.К.Коккозова КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө макулдук сурасын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн .
4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |