Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 8-9-10-февралы № 8

Маданият айылындагы спорт залга ысым ыйгаруу жөнүндө

Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2023-жылдын 8-9-10-февралдарындагы кезектеги 10-сессиясы Акназаров айылдык кеңешинин Маданият айылынын депутаттарынын жана Маданият айылынын жашоочуларынын 2015-жылы ашар жолу менен салынган спорт залдын атын “Үйүр Марал” спорт клубу деп ысым берүүнү суранышкан кайрылууларын угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

 

1. Акназаров айылдык кеңешинин Маданият айылынын депутаттарынын жана Маданият айылынын жашоочуларынын кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2.Маданият айылындагы 2015-жылы ашар жолу менен салынган спорт залдын аты “Үйүр Марал” спорт клубу деп аталсын.

 

3.Маданият айылынын депутаттары спорт клубдун иш чараларына жардам көрсөтүшсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н.Умбеталиевага жүктөлсүн.

 

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Жорготаев