Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын IX сессиясы

 

2024-жылдын 8-февралы № 9/1

Кара-Бүргөн айылынын Тынчтык көчөсүнө

Байсогур уулу Куланбектин  атын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамы менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" Жобонун негизинде   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

1.     Кара-Бүргөн айылындагы   Тынчтык көчөсү “Байсогур уулу  Куланбек” атындагы көчөсү деп аталсын.

2.     Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Ак-Талаа филиалына мурдагы Тынчтык көчөсүнө тиешелүү мааыматтарын өзгөртүү жагы сунушталсын

3       Тынчтык көчөсүндө жайгашкан турак-жайларында  жашаган тургундардын паспортторундагы маалыматтарын өзгөртүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Кемелов