ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 12-февралы № 14/1
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жɵнүндɵ» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» убактылуу Жобого ылайык, Дɵбɵлү айыл аймагынын айылдык кещешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дɵбɵлү айыл амагынын Эки-Нарын айылындагы “Жал-Арык” участкасындагы № 593 контурундагы 4,0 га “Сугат айдоо” түрүндɵгү жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери ” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Дɵбɵлү айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду каттоодон ɵткɵрүп, dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Тѳрага | К. Субанбеков |