Редакцияот 28.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVIII  чакырылышынын XVI сессиясы

 

2024-жылдын 28-февралы № 16/7 

Жоопкерчилиги чектелген коом  «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жөнүндө

 

Жоопкерчилиги чектелген коом  «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында токтом кылат:

 

1.           2021-жылдын 13-сентябрындагы Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясынын №1 токтому менен  “Чырпыкты” участкасындагы  алтын казуу иштерин жүргүзүүгө 4,1 га жер аянтына уруксат берилип, талаптар коюлган. Коюлган талаптар  убагында аткарбай  жана Эки-Нарын элининин нааразычылыгынын негизинде Жоопкерчилиги чектелген коом  «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлсун.

2. Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы 6-чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясынын №1 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

 

К. Субанбеков