Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралы  №10/8 

Тоголок-Молдо айыл аймагындагы балдар бакчаларынын ата-энелерден чогулган акча каражатынын тарифтерин бирдей  суммада бекитип берүү жѳнүндѳ  

Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши   

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Тоголок-Молдо айыл аймагынын Жаңы-Талап айылынын “Бөбөк-Тай” балдар бакчасынын ата-энелерден чогултулуучу тарифтин баасы 800(сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.

 

2. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын “Адис-Адилет” балдар бакчасынын ата-энелерден чогултулуучу тарифтин баасы 800 (сегиз жүз) сом бекитилсин.

 

3. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кадыралы айылынын “Кадыралы” балдар бакчасынын ата-энелеринен чогултулуучу тарифтин баасы 800 (сегиз жүз) сом болуп бекитилсин

 

4. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Кыя айылынын “Келечек Муун” балдар бакчасынын ата-энелеринен чогултулуучу тарифтин баасы 800 (сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.

 

5. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылынын “Ак-Тал” балдар бакчасынын ата-энелерден чогултулуучу тарифтин баасы 800 (сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

Төрага

 Ж.  Турдубеков