ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 14-февралы №10/9
Сөң-Көл жайлоосуна туризм багытында башка максатка пайдаланууга
алган жеке ишкерлер жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тоголок-Молдо айыл аймагына тиешелүү Сөң-Көл жайлоосунан мал жайюудан башка максатка пайдаланууга алган жеке ишкерлерге туристтик этно боз үй шаарчасына туризм багытында кызмат көрсөтүү үчүн 2-тараптуу келишим түзүлсүн.
2. Тоголок-Молдо айыл аймагына тешелүү Сөң-Көл жайлоосуна мал жаюудан башка максатка пайдалануу жеке ишкерлерге жер берүү 1 га жер аянтына жайыт акысы 7000 (жети миң) сомдон жана боз үй башына 3000 сомдон белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Турдубеков |