Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралы  №10/11

Жайыт жер тилкесин трансформациялоого жана ижарага берүү жөнүндө

 

Жайыттарды пайдалануу мыйзамынын 31 – берененин, 3-пунктуна ылайык жайыттарды башка максаттарга пайдалануу тууралуу келишимдин негизинде жана жер тилкесин трансформациялоого жана ижарага берүүгө Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер участкасынын № 1800 контурунда жайгашкан асылдуулугу төмөн болгон 78 га жайыт жер тилкесин трансформациялоого жана ижарага Кара-Ой айылынын тургуну Аскербек уулу Уланга берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын жана келишим түзүү  жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

Төрага

 Ж.  Турдубеков