ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 14-февралы №10/12
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Жаңы-Талап, Кара-Ой айылдарында кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү боюнча жер, турак-жай жана таза суу боюнча башкы адис Айтмамбетов Уланбек Билаловичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына өткөн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин 5 жылга келечек планы бекитилсин.
2. Климаттык оор шарттарды эске алып кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 2007-жылы №243 токтомдун негизинде торук (аукцион) аркылуу берилсин.
3. Айыл чарба жерлери кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин торук (аукцион) аркылуу баштапкы баасы 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Торуктагы (аукцион) ар бир баасынын керектелүүчү кадамы (шагы) 200 (эки жүз) сомдон бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Турдубеков |