Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын

1-кезектүү сессиясы

 

 2023-жылдын 22-сентябры № 1/11

 Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 «Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде  административдик-аймактык реформа жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын   4-апрелиндеги ПЖ №87 «Айыл аймактарынын деңеээлинде пилоттук режимде-административдик аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык Кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыктын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  30-мартындагы №177 айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде       административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдардын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарынын айылдык Кеңештерин бирикитирүү жолу менен Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

  Юридикалык жактын толук темалык аталышы:

-  Мамлекеттик тилде:  «Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение «Айылный Кеңеш Кара-Суйского айылного аймака» Кыскартылган фирмалык аталыш:

- Мамлекеттик тилде: «Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши» м-и.

- Расмий тилде: У-е Айылный Кеңеш Кара-Суйского айылного аймака»

2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Жобосу бекитилсин.

3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы, Абит көчөсү №57 болуп аныкталсын.

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү Кеңештин депутаттары.

5. Мекеме Кыргыз Республикасында иштөөдөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага                                                                                                   Ж Иманкулов

 

 

 

 

 

«Кара-Суу айыл аймагынын

айылдык кеңеши» мекемесинин

2023-жылдын 22-сентябрындагы

№ 1/11 токтому менен бекитилген

 

 

 

 

«Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши»

мекемесинин

 

Жобосу

 

 

 

 

 

 Кара-Суу айылы 2023-жыл

1.    Жалпы жоболор

 

1.1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси (мындан ары – айылдык кеңеш)– тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2.              Айылдык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына,

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгы менен бекитилген «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Убактылуу Жобого, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

1.3.              Айылдык кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.

1.4.              Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:

¾    Мамлекеттик тилде: “ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;

¾    Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш Кара-Суйского айылного аймака”;

Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

¾    Мамлекеттик тилде: “ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши”  м-и;

¾    Расмий тилде: У-е “Айылный Кенеш Кара-Суйского айылного аймака”;

1.5.              Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы,

Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы, Абит  көчөсү, үй №57.

1.6.              Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.7.              Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.