КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 12-февралынын №3
“Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан калдык болуп өткөн
акча каражатын бекитүү жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан калдык болуп өткөн акча каражатын бекитүү боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комитетинин кортундусуна негиз, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан калдык болуп өткөн акча каражатынын чыгымдалышы Раздел-70629 ЖКХ статья – 550,0 миң сом, Раздел-70911 Балдар-Бакчасы статья – 3111 1629,2 миң сом, Раздел-70921 Орто-Мектеп статья – 1724,0 миң сом, разделдер боюнча 3903,2 миң сом (үч миллион тогуз жүз үч миң эки жүз ) сом акча каражаты жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Мыйзамдуу жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристине милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М. Канполотов |