Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылдын 12-февралынын №4

 

“Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2024-жылга иш планын, штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2024-жылга иш планын, штаттык бирдигин жана бюджеттин бекитүү боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комитетинин кортундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.     “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жактырылсын.

 

2.     “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга иш планы, штаттык бирдиги жана бюджетти бекитилсин.

 

3.     Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансасында турган Сеитказы айылындагы суу скважинасын Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасына өткөрүлүп, кызмат көсөтүү жагы Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

 

4.     Токтомдун аткарылышын “Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисин Г.Акышовага жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин

 

5.     Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

6.     Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

7.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Ш.М. Канполотов