Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылдын 12-февралынын №7

 

“Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Боз участкасындагы 5 гектар жер аянты жөнүндө”

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 12.02.2024-жылдагы № 01-17/161 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 262 токтому менен трансформациядан чыгарылган Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Боз участкасынан 5 гектар жер аянтындагы 71 участоктун ситуациялык планы убагында болбогондугуна байланыштуу, 0,07 сотых узуну 35 метр, туурасы 20 метр ситуациялык схемага негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 262 токтому менен трансформациядан чыгарылган 1-Май айылынын Боз участкасынан 5 гектар жер аянтындагы 71 участокту узуну 35 метр, туурасы 20 метр жалпы 0,07 сотых жер аянтынын ситуациялык схемасы жактырылсын.

2.     Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин

3.     Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргызасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

4.     Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

5.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Ш.М. Канполотов