Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылдын 12-февралынын №9

 

“Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык токой жерлеринин иражага берүү жөнүндө”

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 12.02.2024-жылдагы № 01-17/156 сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 4, 10, 21, 38, 55, 78, 81-беренелерине, 20.10.2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна жана 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 55-беренесине ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык токой жерлерин ижарага берүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.     Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык токой жерлерин сактоону, коргоону, жаңыртып өстүрүүнү, жаратылышты коргоо боюнча ижарага берүү жагы жактырылсын.

 

2.     Токтомдун аткарылышын айылдык Кеңештин Айыл чарбачылыгы жана муниципалдык менчик жерлердин натыйжалуу пайдалануу жана көрктөндүрүү иштери боюнча комитетине, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин

 

3.     Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4.     Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Ш.М. Канполотов