БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Барскоон айылдык Кенешинин
XXVIII-чакырылышынын 1 кезектүү сессиясы
2024-жылдын 19 –январы №1
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылга
бюджетин жана 2025-2027 жылдарга долбоорун бектитүү жѳнүндѳ
Негизделип эсептелинген маалыматтарга жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2024-жылга Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү бюджети жана 2025-2027 жылдарга болжолу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Барскоон айыл аймагынын финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы К.Мамырканов жана бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Мухамедий уулунун билдирүүсү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн бюджети кирешелер боюнча 41 162,9 миң сом кѳлѳмүндѳ жана чыгымдар боюнча 41 162,9 миң сом кѳлѳмүндѳ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-2027-жылдарга долбоору №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Салыктардын контингенти жана чегерүүлѳрдүн кѳлѳмү №3 тиркемеге ылайык каралсын жана кирешелер биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондго чегерүүгѳ, коммуналдык чыгымдарга, тама-аш алууга жеңилдиктерди тѳлѳѳгѳ жумшалсын. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине түшүүчү салыктарды ѳз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн киреше боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын кѳлѳмү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттен мекемелерге каржылануучу эмгек акы, социалдык фондусунун чектелген кѳлѳмү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Бала бакчанын атайын каражатына ата-энелерден келип түшкѳн акча каражаты – 2 500,0 миң сом балдардын тамак-ашына бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 40-беренесинин 6 пунктуна ылайык айылдык кеңештин тѳрагасына бир жолку компенсация тѳлѳнсүн.
8. Айылда спортту өнүктүрүүгө, спорттук иш-чараларга катышууга жана спорттук оюндарды өткөзүүгө - 720,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
9. Айылдык спорт жана жаштар менен иш алып баруу бөлүмүнө спорттук шаймандарды алууга - 150,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн Веб сайтын даярдатууга, муниципалдык кызматкерлерди окутуу кызматына, жолбун иттерди атуу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 994,0 миң сом.
11. Айыл өкмөтүнүн имаратын кезектеги оңдоп түзөө иштерине – 100,0 миң сом.
12. Ѳзгѳчѳ кырдаалдарга – 500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин. Каралган акча каражат пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.
13. «Ак Түз тазалык» муниципалдык ишканасына колодоо көрсөтүүгө -500,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
14. «Барскоон-Сервис» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотпой иш алып баруусун камсыздоо максатында айыл чарба техникасына тетиктерди жана шаймандарды алып берүүгө – 400,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
15. Айыл ичиндеги көчөлөргө кум шагыл төгүп оӊдоого, арык каналдарды тазалоого, көчөлөрдү, айыл ичин таштандыдан тазалоого күйүүчү майга – 1 200,0 миӊ сом жана өзгөчө кырдаалдарга күйүүчү майга – 50,0 миң сом, милициянын тилкелик ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 22,3 миң сом.
16. Айылдын коопсуздугу үчүн видеокөзөмөл орнотууга – 300,0 миң сом.
17. Көчөлөрдү көрктөндүрүүгө, аянттарды, көчө жээктерин актап, сырдап, оңдоп түздөөгө – 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
18. Айыл аймагынын ички ирригациялык тармагын, арык каналдарын кезектеги оңдоп түзөө иштерине – 300,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
19. Айыл аймагынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөөгө – 4 135,5 миң сом акча каражаты бекитилсин.
20. Көчөлөрдөгү түнкү жарыктандырууларды капиталдык оңдоп түзөөгө – 250,0 миӊ сом.
21. «Туюк» өрөөнүнөн суу тартып келүү жумуштарына – 8 490,5 миң сом;
22. Трансформатор сатып алууга – 500,0 миң сом.
23. Көчөлөрдөгү көпүрөлөрдү оңдоого трубаларды алууга – 200,0 миң сом.
24. Көчмө раскол сатып алууга – 320,0 миң сом.
25. Атайы Ас. машина сатып алууга – 300,0 миң сом.
26. Маданият бөлүмүнөн ар кандай иш чараларды өткөрүү кызматына – 569,0 миң сом.
27. Ар кандай иш чараларды өткөрүүгө, белектерди сатып алууга, кеңсе жана ар кандай шаймандарды сатып алууга – 465,0 миң сом.
28. Китепканага китептерди сатып алууга – 20,0 миң сом, газета журналдарга жазылууга, окутуу борборун даярдап ишке берүүгө, семинар, иш чараларды өткөзүү кызматына – 195,0 миң сом.
29. Мектептерге тамак-аш сатып алууга – 350,0 миң сом.
30. Айылдагы мектептердин техникалык базасын чыңдоого шаймандарды сатып алууга – 620,0 миң сом, көмүр сатып алууга – 1 752,0 миң сом, мектептерге кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 130,0 миң сом.
31. Айылдагы бала бакчалардын күнүмдүк керектелүүчү шаймандарды, буюмдарды, идиш-аяктарды сатып алууга – 340,0 миң сом. жана бала бакчанын кезектеги оңдоп түзөө иштерине – 230,0 миң сом, ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 76,0 миң сом, көмүр сатып алууга – 144,0 миң сом, шаймандарды сатып алууга – 788,7 миң сом.
32. Бала бакчанын ар бир тарбиялануучусуна 1 күндүк тамак ашына 18 сом өлчөмүндө бөлүнсүн жана тамак ашына жалпы - 1 059,6 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
33. Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду - 580,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
34. Социалдык жардамдарга – 677,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
35. 2024-жыл ичинде түзүлгѳн кырдаалга жараша акча каражатын статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы К.Мамыркановго жүктѳлсүн.
36. Айылдык ѳкмѳтүнүн бюджетине кошумча ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна коюлсун.
37. Каралган жергиликтүү бюджетин макулдашуу жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
38. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳсү экономикалык реформа жана бюджет боюнча айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиясына жана Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.
39. Токтом 2024-жылдын 29-январынан күчүнѳ кирсин.