Загрузка документа…
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 токтомуна) 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ Киришүү 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын (мындан ары - Улуттук программа) негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Программа жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн буга чейинки программасын ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт. 1-глава. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ез алдынча башкаруусунун учурдагы абалы жана өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу коомдук бийликтин баштапкы жана маанилүү звеносу, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусунун формасы болуп саналат. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасынын конституциялык принциптери Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында саясий, административдик жана башка өзгөртүп түзүүлөрдүн негизи болуп калды. Улуттук программага ылайык Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели өзүнө эки курамдык бөлүктү камтууга тийиш: (1) бийликтин натыйжалуу вертикалын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик башкаруунун жаңыланган системасы жана (2) башкаруу системасын реформалоону ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы административдик-аймактык бөлүү, мында башкаруудагы реформа административдик түзүлүштөрдүн жаңы чектерине карата башкы милдет болуп саналат. Мамлекеттик түзүлүш системасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу элдин өз бийлигин жүзөгө ашыруусунун өз алдынча формасы, башкаруу институту катары таанылган, анын өзөгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде тиешелүү аймакта мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү принциби жатат. Өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууну иштетүүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеринде бийлик органынын функцияларын аткаруунун жеке практикасы калыптанган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикке ээлик кылат, пайдаланат жана аларды тескейт, каржылоонун эки деңгээлдүү системасы иштеп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга жаңы технологиялар киргизилүүдө, "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо иштеп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу" юридикалык жактардын бирикмеси коргоп келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын түзүүнүн тартиби мыйзамдык негизде өзгөрдү: эми айыл өкмөт башчылары менен шаарлардын мэрлерин Кыргыз Республикасынын Президенти жана жергиликтүү администрациялардын башчылары дайындап калды. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системасынын аналогиясы боюнча уюштурулган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри административдик ыйгарым укуктардан келип чыгуучу 11 кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Ошол эле учурда көптөгөн маанилүү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде аймактардын жашоо-турмушун камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрү, социалдык-маданий жана жарандарга иш жүзүндө көрсөтүлгөн башка кызматтар реестрге киргизилген эмес, алар башка тарма1стык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесинде солгун жылыш байкалып жатат. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү институту толук кандуу иштеп кете элек, бул чөйрөдөгү мыйзамдардын талаптары талаптагыдай аткарылбай жатат. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү чөйрөсүндө тиешелүү ченемдик укуктук база бар. Мындай окутууну каржылоо маселеси чечилди. Жыл сайын республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик заказ ишке ашырылып келет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата да колдонулат. Муниципалдык кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу процессин санариптештирүү боюнча айрым чаралар көрүлүүдө. Электрондук форматта тооруктарды ишке ашыруунун (электрондук соода аянтчасы) укуктук мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты. Санариптештирүүнүн алкагында "Муниципалдык мүлк объекттерин эсепке алуунун бирдиктүү реестри" (мындан ары - "ММБР") модулу, ошондой эле "Санарип аймак" АМСтеги "Жеке турак жай куруу үчүн жерлерди берүү" модулу (мындан ары - "ЖТК") иштелип чыгууда. Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалынын негизин киреше салыгынан чегерүүлөр; атайын салык режимдеринин алкагында алынуучу салыктар (патент, бирдиктүү салык, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы); жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар жана жыйымдар түзөт (орточо 60%га жакын) [Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча баалоо]. Киреше потенциалынын калган 40%ын мүлктүк салыктар, салыктык эмес кирешелер жана расмий трансферттер түзөт. Жергиликтүү жамааттар салыктык жана салыктык эмес булактардан киреше алуу мүмкүнчүлүгүнө чектелген көлөмдө гана таасирин тийгизе алышат. Азыркы учурда жергиликтүү салыктарды чогултууну тескөө боюнча тиешелүү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 60%ына берилген. Ошону менен бирге бул ыйгарым укуктарды берүү өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууну материалдык, финансылык жана башка жактан камсыз кылуу жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды талаптагыдай сактабастан ишке ашырылып жатат. Саясий, уюштуруучулук, материалдык жана башка ресурстарды бириктирүүнүн эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн шарттарды түзүү максатында бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилүүчү максаттуу трансферттер жана бюджеттик ссудалар түрүндөгү муниципалитеттер аралык кызматташтыкты каржылоо механизми киргизилген. Бул механизм муниципалитеттерге турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин натыйжалуу чечүүгө, чыгымдарды азайтуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүдө. Аймактык-мейкиндик пландоонун заманбап ыкмаларын жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө жана райондорду адистештирүүнүн прогрессивдүү принциптерине негизделген аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. |