Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 

ТОКТОМ

 

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

1-чакырылышынын уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралындагы №2

 

«Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши»

мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө”, 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыктарын , Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

     1.Теплоключенка, Кереге-Таш, Энилчек айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси  болуп түзүлсүн.

2. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-       мамлекеттик тилде – “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;

-       расмий тилде:  Учреждение “Местный кенеш  айылного аймака Кыдыр Аке”

           Кыскартылган фирмалык аталышы:

-       мамлекеттик тилде: “Кыдыр Аке жергиликтүү кеңеши” м-и

-       расмий тилде: У-е “Местный кенеш Кыдыр Аке ”

3. Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин иши жөнүндө Жобосу бекитилсин.

4. Өткөрүп берүү актысы бекитилсин.

5. Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү №154 аныкталсын.

6. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

     7. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан мамлекеттик каттоодон өтсүн.

8. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

     9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын. 

  

 

Төрага                                                                                                  А.И.Алмабеков                                   

                                                                

                                                                    

 

                        Кыдыр Аке айыл аймагынын

жергиликтүү кеңешинин

                                            2024-жылдын  20-февралындагы

№2 токтому менен бекитилди                                                                  

 

Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык

 реформанын алкагында Кыдыр Аке айыл аймагынын

жергиликтүү кеңешинин иши жөнүндө

  Жобо

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул  жобо пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ишин регламенттейт.

1.1.“Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси– тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2.Жергиликтүү кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

1.3  Жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.

1.4. Жергиликтүү  кеңештин толук фирмалык аталышы:

-        мамлекеттик тилде – “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;

-       расмий тилде:  Учреждение “Местный кенеш айылного аймака  Кыдыр Аке”

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-       мамлекеттик тилде: “Кыдыр Аке жергиликтүү кеңеши” м-и

-       расмий тилде: У-е “Местный кенеш Кыдыр Аке”

1.5.         Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Ленин көчөсү №154.

1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.7. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга  жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, бланктарга ээ болууга укуктуу.

 

2-глава. Жергиликтүү кеңештин  жана депутаттардын статусу

4. Айыл аймактарын бириктирүүдө бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн жергиликтүү кеңештин укук улантуучусу болуп калат.

5. Айыл аймагына административдик-аймактык бирдик болуп саналбаган айрым калктуу конуштарды кошууда жергиликтүү кеңештин статусу өзгөрбөйт, жергиликтүү кеңештин төрагасы кайра шайланбайт.

8. Жергиликтүү кеңештин депутаттары мурда тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылдык аймак бириккен айыл аймагынын курамында өз ишин улантат. Мында алардын ыйгарым укуктары алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат.

9. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

 

3-глава. Жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттери

10. “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинде жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттерине пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү менен байланышкан төмөнкү маселелер кирет:

1) жергиликтүү кеңештин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү (өзгөртүүлөрдү киргизүү);

2) жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү/кайра уюштуруу жана алардын ишин уюштуруу;

3) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруунун (кварталдык башчылар) коомдоштуктардын (жамааттардын) ишин уюштуруу;

4) жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар уюму ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.