Загрузка документа…
Көңүл буруңуз!
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-марты № 69
Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы багытталган жоопкерчиликти жана чаралардын системасын белгилейт, ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдору - баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын аналогдорунун тизмесине киргизилген синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон заттар;
2) ташып келүү (импорттоо) жана ташып чыгуу (экспорттоо) - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып өтүү же аларды башка мамлекеттен Кыргыз Республикасына ташып келүү;
3) мамлекеттик квота - Кыргыз Республикасынын баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга болгон керектөөсүн эсептөөнүн негизинде эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү, медициналык, ветеринардык, илимий жана соттук-эксперттик максаттарында керектөөгө багытталган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын максималдуу саны, анын чегинде аларды мыйзамдуу жүгүртүү жүзөгө ашырылат;
4) тирүү организм - жашоо белгилерине ээ, бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун камтыган жана тирүү организмдердин тизмесине киргизилген организм;
5) мыйзамдуу жүгүртүү - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген укуктары бар компетенттүү мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соодалоо сатуу жана бөлүштүрүү, ташып келүү, ташып чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө менен байланышкан иши;
6) прекурсорлорду алмаштыруучулар - бул баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоодо контролдонуучу прекурсорлорго альтернатива катары пайдаланылышы мүмкүн болгон химиялык заттар же табигый жол менен пайда болгон заттар;
7) даярдоо - пайдаланууга даяр болгон баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди алууга, буга кошуп жапайы өсүүчү (жашоочу) тирүү организмдерди чогултууга багытталган иш-аракеттер;
8) инвентаризациялоо - мыйзамдуу жүгүртүүдө болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин белгилүү бир датага карата аларды эсепке алуу маалыматтары менен салыштыруу аркылуу иш жүзүндө болушун текшерүү;
9) пайдалануу - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди максаттуу колдонуу;
10) баңгизат каражаттары - баңгизат каражаттарынын I жана II тизмелерине киргизилген, синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон заттар;
11) мыйзамсыз жүгүртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш;
12) ташуу - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын чегинде жөнөтүү;
13) кайра иштетүү - натыйжасында тазалоо (башка кошундулардан тазалоо), препаратта, баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун концентрациясында өзгөрүү, ошондой эле алардын негизинде мамлекеттик контролдоо чаралары жайылтылбаган заттарды алуу жүргөн иш-аракеттер;
14) тизмек - Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмеги;
15) ортомчулар - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин ишине өбөлгө түзүүчү, бирок аларды түздөн-түз түпкү пайдалануучулар болуп саналбаган юридикалык жана жеке жактар;
16) прекурсорлор - алардан же алардын жардамы менен баңгизат каражаттары же психотроптук заттар даярдалышы мүмкүн болгон жана прекурсорлордун тизмесине киргизилген химиялык заттар же табигый жол менен пайда болгон заттар;
17) предпрекурсорлор - баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоодо ортодогу продуктулар катары пайдаланылышы мүмкүн болгон химиялык заттар же табигый жол менен пайда болгон заттар;
18) препарат - бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдер камтылган ар кандай физикалык абалдагы заттардын аралашмасы;
19) өндүрүш - пайдаланууга даяр болгон баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди сериялуу түрдө алууга, буга кошуп жапайы өсүүчү (жашоочу) тирүү организмдерди чогултууга багытталган иш-аракеттер;
20) психоактивдүү таасир - затты (каражатты) кабыл алууда же адамдын организмине киргизүүдө анын психикалык процесстерине таасир этүүсү;
21) психотроптук заттар - психотроптук заттардын I, II жана III тизмелерине киргизилген, синтетикалык же табигый жол менен пайда болгон заттар;
22) иштеп чыгуу - жаңы баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди пландоо, долбоорлоо жана түзүү үчүн илимий изилдөөлөрдүн жана башка билимдердин натыйжаларын колдонуу;
23) бөлүштүрүү - иш-аракеттердин натыйжасында юридикалык же жеке жактар баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду андан ары жүгүртүү үчүн алуусу;
24) контролдоо режими - баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамдуу жүгүртүлүшүн катуу контролдоо даражасын белгилөөчү эрежелердин системасы;
25) атайын кампа запастары - коргоо жана жарандык коргонуу максатында, ошондой эле өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын чегинде турган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын саны;
26) соодалоо - баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жүгүртүү боюнча ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактар тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун чыгаруу жана сатып өткөрүү;
27) транзиттөө - тиешелүү лицензиянын (уруксаттын) негизинде иштөөчү юридикалык жактардын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жерде жүрүүчү транспорт менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагы аркылуу анын чегинен тышкары алып өтүүгө багытталган иш-аракеттери;
28) эсепке алуу - жүгүртүүдөгү баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин кыймылы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, каттоо жана жалпылоо системасы;
29) сактоо - баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин иш жүзүндө турушу менен байланышкан иш-аракеттер.
3-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынанегизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эрежелерин (ченемдерин) сактабоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинежана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык куугунтукталат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын жүгүртүүгө да жайылтылат.
4-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу;
2) лицензиялоо;
3) илимий, медициналык жана ветеринардык максаттарында баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.