Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин ХVIII чакырылышынын II сессиясы

 

2024-жылдын 11-марты № 2/1

Катуу тирчилик калдыктарын төгүүчү жай уюштурууга макулдук берүү  жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 1,11-бөлүгүнө  ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык  кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Калинин айылындагы “Ак-Талаа” участкасындагы №210 контурунан жайыт жеринен

3 (үч)  гектар жер аянтына катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү жай уюштуруу максатында  макулдук берилсин.

 

2.Терек-Суу  айылындагы “Желе-Дөбө” участкасындагы №210 контурунан жайыт жеринен 1,95 (бир бүтүн жүздөн токсон беш)  гектар жер аянтына катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү жай уюштуруу максатында макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышы жана тиешелуүү иш кагаздары менен камсыздоо  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев милдеттендирилсин.

 

Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Ж. Иманкулов