Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылдын 22-февралындагы №12 токтомуна  ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясынын

2024-жылдын 7-февралы №09

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 17.07.2023-жылдагы кезектеги XV сессиясынын №34 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын Регламентине ылайык, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо боюнча аталган комиссиянын, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап,Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

1.“Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Нургазы уулу Кыязбек

депутаттык ыйгарым укутарын өз ыктыяры менен токтоткондугуна байланыштуу, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын №34 токтомунун 1-пунктунун 4-пунктчасына өзгөртүү киргизилгендиги эске алынсын.

2. Ага ылайык, “Ынтымак” саясий партиясынан депутат Белеков Барман Самидинович “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп шайлансын.

3. Аталган туруктуу комиссиянын ишин уюштуруу, талаптагыдай жүргүзүү Белеков Барман Самидиновичке милдеттендирилсин.

4. Туруктуу комиссиялардын ишин координациялоо Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы (С.Наралиева) тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-

сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

М.Т. Борбугулов