ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-февралы № 8
Автоунааны жараксыз деп табуу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы, Оро айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жылы келген кызматтык автоунааны жараксыз деп табуу жөнүндөгү каралган маселелерди талкуулап, тактап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине 2016-жылы сатып алынган “Субару Форестер” маркасындагы кызматтык автоунаасы (чыккан датасы 2000-ж.) эскилиги жетип, пайдалануу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жараксыз деп табылсын.
2. Жогорудагы аталган кызматтык автоунаа жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу документтери даярдалып, жайыт комитетинин “советине” сунушталсын жана аукцион аркылуу сатуу жагын чечүү каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мотуев |