Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 13-февралы № 9

 

Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

 

Оро айылдык кенешинин 11- чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы, “Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык каралган маселени талкуулап, тактап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оро айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

 

2. Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент 1,0 мүлк салыгы киргизилсин.

 

3. Салык коэффиценттерин көтөрүү маселесине тактоо жүргүзүү жана салыктар өз мөөнөтүндө жыйналышын камсыздоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев