БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XX сессиясынын
2024-жылдын 19-январы №20/4
Муниципалдык жер аянтынан, социалдык объек курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,25,27,31-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамын жетекчилике алып, жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Канды айылында жайгашкан 2466,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтынын ичинен, 630 чарчы метр жер аянтын социалдык багытта, балдар ойноочу жай курууга уруксат берилсин.
2. Уруксат берилген 630 чарчы метр жер аянтына жана курулушуна керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону, Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Назаровго миледттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |