Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

 

2024-жыл 09-февралынын №8

 

“Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобоону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169 токтомун жетекчиликке алып, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистеринин сунушун жана “Жер жана турак-жай” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун карап жана талкуулап, Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылында жайгашкан № 1793 контрундагы 0,10 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынын жайыт түрүнөн “Айыл чарба жерлери” категориясынан өнөр жай,транспорт,байланыш,коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макуулдук берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

2.1-пункутта көрсөтүлгөн жерлердин иш кагаздарын даярдоону жана ишке ашырууну Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

К.Т. Кушбаков