КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 4 - кезектүү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 3
«Казыбек-Жаңыкүч» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин отчету жөнүндө
«Казыбек-Жаңыкүч» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубатакун уулу Ниязбектин 2022-жылда аткарылган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. «Казыбек-Жаңыкүч» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубатакун уулу Ниязбектин 2022-жылга карата берген маалыматы боюнча добушка коюлсун
-канааттандырарлык-6;
-канаааттандырарлык эмес -10 ;
-калыс-2;
2.Жогорудагы жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен «Казыбек-Жаңыкүч» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубатакун уулу Ниязбектин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
Төрага: | Э.Бактыгулов |