Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №95

Баткен облусунун Кадамжай райондук Прокуратурасынын сунуштамасын кароо жөнүндө

 

Баткен облусунун Кадамжай райондук Прокуратурасынын 2023-жылдын 25-декабрындагы №23/148-00-07-373-01350 сандуу сунуштамасын угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

 

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Баткен облусунун Кадамжай райондук Прокуратурасынын 2023-жылдын 25-декабрындагы №23/148-00-07-373-01350 сандуу сунуштамасын Алга айыл аймагынын  айылдык кеңешинде карап чыгып, Алга айыл өкмөтүнүн 14.02.2023-ж №01-11/4;  30.12.2021-ж №67 сандуу  мыйзамсыз деп аныкталган токтомдордун мыйзамдуулугун тактоо максатында, мыйзамдуу жол менен сотко кайрылууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун бир нускасы  Баткен облусунун Кадамжай райондук Прокуратурасына жөнөтүлсүн.  
  3. Аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.                                     
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү архитектура-курулуш, транспорт жана экологи, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Абдиллаевге жүктөлсүн.

Тѳрайым

Р.Арынова