Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №97

 

Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановдун 2023-жылдын 12-айы ичинде аткарылган иштери боюнча отчетун бекитүү  жөнүндө.

 

Алга айыл өкмөтүнүң  башчысы Х.Досановдун 2023-жылдын 12-айы ичинде Алга айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Алга айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

 

1.Алга айыл  өкмөтүнүн башчысы  Х.Досановдун  2023-жылдын 12-айы ичинде Алга айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Алга айыл  өкмөтүнуң башчысы  Х.Досановдун  отчетунда көрсөтүп өтүлгөн  аткарылуучу жумуштар боюнча айрыкча эң орчундуу маселелерди 2024-жыл ичинде  биринчи кезекте чечүүө   көңүл  буруусу  милдеттендирилсин.

 

3.2024-жыл бюджетинде  белгиленген  жумуштарды толук аткарууга алуу  жагы Алга айыл өкмөтүнүн  башчысы  Х.Досановго  жүктөлсүн.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияларга  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Алга айылдык кеңешинин тѳрайымы

Р.Арынова