ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жыл 19-февралынын №1
Өрүктү айылынын тургуну К.Токтогуловдун кайрылуу катын кароо жөнүндө
Өрүктү айылынын тургуну К. Токтогуловдун Өрүктү айылдык аймагынын башчысынын атына 16-февраль 2024-жыл жазган арызын карап чыгып жана Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын 19-февраль 2024-жылдагы отурумунун аталган маселе боюнча корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин (1999-жылдын 2-июну №45 Мыйзамы менен бекитилген) 12-18-беренесинин негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын 19-февраль 2024-жылдагы отурумунун аталган маселе боюнча корутундусу эске алынсын.
- Өрүктү айылынын тургуну К. Токтогуловдун там арка үчүн берилген жалпы аянты 0,04 га жер аянтынын ичинен 100,00 кв.м жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүгө (калкты тейлөө, азык-түлүк сатыгы менен кызмат көрсөтүү үчүн күбөлүк алуу) уруксат берилсин.
3. Жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүдө иш-кагаздарын даярдоо боюнча иш алып баруу жана тиешелүү органдардан каттоодон өткөрүү жагы арыз ээси К. Токтогуловго милдеттендирилсин.
- Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин жер, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы | К.С.Усенбаева |