Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы №99

Алга айыл өкмөтүнүн  аймагындагы калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн   Кз зоналык коэффициент өлчөмүн бекитүү  жөнүндө

 

     Алга айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Алга айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

  1. Алга айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес  жерлердеги пайдалануудагы жер аянттарынын (Кз) зоналдык коэффициенти салык кодексинин 404-беренесине 1,5 өлчөмдө бекитилсин.
  2. Алга айыл аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес  жерлердеги аракеттеги эмес пайдаланылбай жаткан жер аянттарынын баштапкы (Кз) зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
  3. Үй-жанындагы короо жай багбанчылык-чарбак жер участокторуна (тамарка) салык кодексинин 298-беренесинин негизинде 1 сотикке 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. Салык кодексинин 411 беренесине негиз төмөнкү катергориядагы жарандарга тамарка салыгынан 0,15 га чектик өлчөмүндө жеңилдиктер колдонулсун:

-       Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюууга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II  топтогу майыптар;

-       Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын  жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезге жеткенге чейинки балдары;

-       Пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;

-       Эргезге жете элек 4 жана андашык балдары бар жеке адам.

  1. Алга айыл аймагындагы ар бир кожолуктан алынуучу таштанды чыгаруу үчүн жыйымы жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Комерциялык багыттагы ишканалардын кызматкерлери үчүн таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым киши башына жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3.  Зоналык коэффициент өлчөмүн белгилөө боюнча мыйзам чегинде талап кылынуучу жумуштарды аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго  милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрайым

Р.Арынова