ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жыл 19-февралынын №2
Убактылуу комиссиянын корутундусун кароо жөнүндө
Өрүктү айыл аймагына караштуу Соломо участкасында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан Соломо мал базарынын (“ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчиси Ө. Турсунбаевдин жана айылдык аймак башчысынын билдирүүлөрүнүн негизинде түзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусун угуп жана актысы менен таанышып, талкуулап Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
- Соломо участкасында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан Соломо мал базарынын (“ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчиси Ө. Турсунбаевдин жана айылдык аймак башчысынын билдирүүлөрүнүн негизинде түзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусу жана актысы эске алынсын.
- Убактылуу комиссиянын актысына ылайык, Соломо мал базарынын жаңы ишке киргендигине, инфраструктурасын чыңдоодо жана башка жаңы курулуштарын жүргүзүүдөгү чыгымдарынын көптүгүнө байланыштуу Өрүктү айыл өкмөтүнүн “ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коому менен 2021-жылдын 3-декабрында түзүлгөн №1 келишиминин 1.4 пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин эсебине төлөнүүчү төлөмдөн 2023-жыл үчүн бошотулсун.
- Өрүктү айыл өкмөтүнүн “ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коому менен 2021-жылдын 3-декабрында түзүлгөн №1 келишимине ылайык, базардын кийим кече бөлүгү ишке кирбегендигине байланыштуу, мал базардын аянты жана айланасындагы кызмат көрсөтүүчү түйүндөр менен жалпы жер аянты үчүн 2024-жылга карата ижара төлөмү 400,0 (төрт жүз миң) сом болуп бекитилсин.
- Ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык “ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коому менен Өрүктү айыл өкмөтүнүн ортосунда 2024-жыл үчүн 1 (бир) жылдык келишим түзүү айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
- Мал базарынын унаа токтоочу жайын ирээтке келтирүү жана башка инфраструктурасын чыңдоо иштерин жүргүзүү “ТК Мурас” жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
- Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин төрайымы | К.С.Усенбаева |