ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жыл 19-февралынын №3
“Кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Өрүктү айылдык аймагына караштуу Өрүктү айылындагы стадионду капиталдык ремонттоо долбоорунун кошумча жумуштары үчүн сметалардын жана аткарылган иштердин актысынын негизинде кошумча акча каражатын кароо боюнча айылдык аймактын башчысы Р. Кийикбаевдин билдирүүлөрүн эске алып, акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагына караштуу Өрүктү айылындагы стадионду капиталдык ремонттоо долбоору боюнча сметанын жана аткарылган иштердин актысынын негизинде “Марлен-АС” жоопкерчилиги чектелген коомуна 1 045,9 миң (бир миллион кырк беш миң тогуз жүз) сом акча каражаты кошумча аткарылган иштер үчүн ажыратылып берилсин.
2. Жогорудагы акча каражаттарынын тиешелүү статьядан которулуусун камсыздоо айыл аймактын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрайымы | К.С.Усенбаева |