ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жыл 19-февралынын №5
Кум-шагыл алуу үчүн жер аянтын трансформациялоого (багытын өзгөртүүгө) уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын Соломо участкасында жайгашкан 1,0 га жер аянтынан кум-шагыл алуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча жергиликтүү Кеңештин жер, агрардык маселелер, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 19-февраль 2024-жылдагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. “Ай-Кут Строй” Жоопкерчилиги чектелген коомуна Өрүктү айылдык аймагынын Соломо участкасында жайгашкан 1,0 га жер аянтынан кум-шагыл алып иштетүү үчүн уруксат берилсин.
2. Аталган жер аянтын багытын өзгөртүүдө (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу ижарачы “Ай-Кут Строй” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси У. А. Авазовго жүктөлсүн.
3. “Ай-Кут Строй” Жоопкерчилиги чектелген коому менен келишимдерди түзүү жана башка иш-кагаздарын даярдоо айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык Кеңешинин төрайымы | К.С.Усенбаева |