Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жыл 27-январынын  №9

 

“Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө”

 

Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы мал базардын (“ТК Мурас” Жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчиси Ө. Турсунбаевдин кайрылуусунун негизинде мал базардын ишмердүүлүгүндөгү жылдык, айлык жана жумалык кирешесин, чыгашаларын аныктоо үчүн убактылуу комиссия түзүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

  1. Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы мал базардын ишмердүүлүгүндөгү жылдык, айлык жана жумалык кирешесин, чыгашаларын аныктоо үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
  2. Убактылуу комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

- У. Ибраймалиев – айыл аймактын салык инспектору, убактылуу комиссиянын төрагасы;

- И. Макамбаев – Чолок-Тума, Орто-Токой айылдарынын айыл башчысы, убактылуу комиссиянын төрагасынын орун басары;

- С. Наримбетов – айылдык Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы, убактылуу комиссиянын мүчөсү;

- Ы. Өмүрзакова – айылдык Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү;

- А. Дооронбеков – айылдык Кеңештин өндүрүш, транспорт, өнөр жай жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын мүчөсү, убактылуу комиссиянын мүчөсү.

  1. Түзүлгөн убактылуу комиссияга жогорудагы маселелер боюнча тактоо иштерин алып баруу үчүн бир айлык мөөнөткө милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басары Ж. Хасанбаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы

К.С.Усенбаева