Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы №105

 

Баткен областтык  өнүктүрүү  фонду эсебинен каржылануучу  долбоорлорго айыл өкмөтүнүн  салымын  кошуу жөнүндө

 

  Алга айыл  аймагында  балдар бакчасына болгон  муктаждыкты чечүү  максатында Алга  айылындагы  “Гүлдесте”  балдар бакчасына  кошумча имарат куруу зарылчылыгы келип чыгууда.Ушул маселени  угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Алга айыл өкмөтүнүн  Алга айылындагы   “Гүлдесте”  балдар бакчасына  кошумча имарат куруу  үчүн түзүлгөн   7 173 027 (жети  миллион бир жүз жетимиш үч  миң жыйырма жети) сомдук долбоор бекитилсин.
  1. Сметада корсотулгон сумманын  90,6%  6 500 000  (алты миллион беш жүз миң) сому Баткен областтык өнүктүрүү  фондунан  суралсын,ал эми  9,4 %  673 027 (алты жүз жетимиш үч миң жыйырма жети) сому Алга айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен ажыратып берилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө айылдык кеңештин финансы-эконмика жана бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрайым

Р.Арынова