Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы №107

 Кадамжай райондук өнүктүрүү  фонду эсебинен каржылануучу  долбоорлорго айыл өкмөтүнүн салымын  кошуу жөнүндө

 

  Чек-ара аймагында жайгашкан элдердин  турмуш шартын ондоо жана элдин  ден-соолугуна  кам көрүү   максатында   “Алга” айылындагы  күрөш залын капиталдык оңдоодон өткөрүү  зарылчылыгы келип чыгууда.Ушул маселени  угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Алга айыл өкмөтүнүн  “Алга” айылындагы күрөш  залын капиталдык оңдоо  үчүн түзүлгөн   2 398 149 (эки  миллион бир жүз токсон сегиз  миң  бир  жүз кырк тогуз) сомдук долбоор бекитилсин.
  1. Сметада корсотулгон сумманын  79,2%  1 900 000  (бир миллион тогуз жүз миң) сому Кадамжай райондук өнүктүрүү  фондунан суралсын,ал эми 20,8 %  498 149  (төрт жүз токсон сегиз бир жүз кырк тогуз) сому Алга айыл өкмөтүнүн                     2024-жылдагы бюджетинен ажыратып берилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө айылдык кеңештин финансы-эконмика жана бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрайым

Р.Арынова