Алга айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-февралы №109
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тез-жардам бөлүмүнүн имараты жөнүндө
Алга айыл өкмөтиүнүн аймагында элдин саламаттыгын сактоо максатында жаңыдан ачылган тез-жардам бөлүмүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аймактык ооррукананын имаратында жайгашкан кааналарды кезектеги ремонттон өткөрүү зарылчылыгы келип чыгууда.Ушул маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Алга айылынын аймагындагы жаңыдан ачылган тез-жардам бөлүмүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аймактык ооррукананын имаратында жайгашкан кааналарды кезектеги ремонттон өткөрүү боюнча керектүү жумуштар жүргүзүлсүн.
- Оңдоо жумуштарын аткаруу үчүн керектелүүчү акча каражаттары Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлддөө айылдык кеңештин финансы-эконмика жана бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрайым | Р.Арынова |
|
|