КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 4 - кезектүү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 9
Казыбек айылынын айыл өкмөтүнө кайрадан эсептөө палатасын чакыртуу жана тиешелүү органдарга текшертүү жөнүндө
Казыбек айылынын муниципалдык ишканасынын карыздары боюнча жана тазалык ишканасынын документтери эки ишкананы бириктирүү жөнүндө мыйзамдуулугун уставын текшертүү, жайыт комитетинен мурдакы төрагасынын өткөрүү актылары боюнча жана 2020-2021-жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча эсептөө палатасынын жыйынтыгы кечиккендиктен ,кайра текшерүү палатасын чакыртуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага милдеттендирилсин жана аткарууга алынсын:
-«Казыбек-Жаңыкүч» муниципалдык ишканасынын төлөмдөр боюнча карыздары жана финансылык жагы күмөн жараткандыгы боюнча;
-Тазалык ишканасынын документтери эки ишкананы бириктирүү боюнча уставын,мыйзамдуулугун текшертүү,карыздар,төлөмдөр боюнча;
-Жайыт комитетинин мурдакы төрагасы Н.Казыбековдун кийинки төрага З.Төлөгөновго өткөрүү актыларын текшертүү жана ЖПБ нин 2018-2022-жылдарга чейинки бюджети боюнча кызматташкан юридидикалык жактардын төлөмдөрү боюнча;
- СПАга келген үрөн,жер семирткичтер ,техникалар боюнча ОРПга кат жөнөтүп ,тактап өнбөгөн карыздар боюнча текшертүү,чара көрүү ;
-2020-2021-2022-жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча эсептөө палатасынын жыйынтыгы эмдигиче жок болгондуктан кайрадан эсептөө палатасын чакыртуу.
2. Тиешелүү органга берүү жана эсептөө палатасын кайра чакыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага милдеттендирилсин.
Төрага: | Э.Бактыгулов |