КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 4 - кезектүү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 10
Жаңы салынган «Кара-Коюн» көпүрөсү жөнүндө
Казыбек айылында Ат-Башы ДЭУсу тарабынан жаңы салынып ишке берилген мурдакы Кара-Коюн көпүрөсү жөнүндө айыл тургундарынын кайрылууларын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылында Ат-Башы ДЭУсу тарабынан жаңы салынып ишке берилген, мурдакы Кара-Коюн көпүрөсү жөнүндө айыл тургундары Калыгулов Шаршенбек жана Абылов Айтбектин жолдошу Гүлкайыр Нургазиеванын кайрылууларына ылайык, көпүрөнүн атын берүү боюнча жалпы эл өкүлдөрүнүн сунушу менен жабык добушка коюлсун
-Абылов Айтбеке добуш-7;
Калыгулов Шаршенбек добуш-11
-каршы-1
2.Жогорудагы жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көпүрөнүн аты Калыгулов Шаршенбек деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага: | Э.Бактыгулов |