Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ

ТОКТОМ

 

Тепке айылдык кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектүү  

9-сессиясы

 

 

 2022-жылдын 29-декабры № 27

                                            

 

Тепке айыл аймагында жарандарга жер тилкесин менчикке же пайдаланууга акысыз берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 32-беренесинин акысыз түрдө бир жолу турак үйдү курууга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 6-7-пунктарынын абзацына ылайык, өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө берилчүү жер тилкесинин аянты жөнүндө жана, Тепке айылдык кеӊешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жер мунапысынын субъектиси катары Тепке айыл өкмөтүнө өткөн 29,95га жер аянттарын – Тепке, Курбу жана Жылдыз айылдарында жарандардын жеке менчик үй курууга жана көмөкчү чарба жүргүзүүгө берүү жөнүндө сурап түшкөн арыздар көп болгонуна байланыштуу,  жер тилкенин аянты 1000 м2ге чейин берилсин.
  1. Тепке айыл аймагына караштуу Тепке жана Курбу айылдарындагы Жер мунапысынын объектилерине туура келген жер аянттарынын, пайдалануучулардын жана менчик ээлеринин жер тилкелери мурунку ээлик боюнча калсын.
  1. Токтомдун аткарылышы Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы А.В. Айтбосуновго милдеттендирилсин.

Төрага

 

Т. Сатывалдиев