Редакцияот 03.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ

ТОКТОМ

 

Тепке айылдык кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектүү  

12-сессиясы

 

 

 2023-жылдын 03-апрелиндеги № 12

                                            

 

Тепке айыл аймагынын Тепке айылынындагы көчөлөрдүн  атын алмаштыруу жана жаны ат берүү жөнүндө

 

  Тепке айыл аймагынын Тепке айылынындагы көчөлөрүнүн атын алмаштыруу жаны ат берүү боюнча жарандар тарабынан түшкөн арыздарды карап, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Тепке айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тепке айыл аймагынын Тепке айылындагы Мадунчу көчөсүнүн аты Кыргыз СССРнин эл артисти, актер “Советбек Жумадылов” аты ыйгарылсын.

2. Тепке айыл аймагынын Тепке айылынын чыгыш тарабындагы Новостройка көчөсүнө “Кашымбек-Ата” аты ыйгарылсын.

3. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Тепке айыл өкмөтүнүн статистика жана экономика боюнча жетектөөчү адиси М. Асановга милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т. Сатывалдиев