БИРИМДИК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-февралы № 1
Бириккен Биримдик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш
берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Биримдик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин.
2. Бириккен Биримдик айыл аймагынын Биримдик айылдык кеңешинине Бечелов Токтобай Ашимович шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Бечелов Т.А. |