Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-1
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Атамерек айылындагы Б. Атишов атындагы орто мектебинин окуу корпусун ремонттоо боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Атамерек айылындагы Б. Атишов атындагы орто мектебинин окуу корпусун ремонттоо пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы Б. Атишов орто мектебинин окуу корпусун ремонттоо даяр долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 767091 (жети жүз алтымыш жети миң токсон бир) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |