Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

2023-жылдын 29-ноябры № 26-5

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Караке айылындагы жаңы курулган бала бакчага “Камал –Ата” деп ат коюу жөнүндө

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылындагы “Ассанабилл” фонду тарабынан курулган мектепке чейинки билим берүү мекемесине Караке айылынын жалпы жамааттык чогулушунун протоколунун негизинде “Камал-Ата” деп ат коюп берүүнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши кезексиз 26-сессияда карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылындагы жаңы курулган мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Камал-Ата” балдар бакчасы деп ат коюп берүүгө айыл тургундарынын жалпы жыйынынын протоколу колдоого алынсын.

2.  Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылындагы жаңы курулган мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Камал - Ата” балдар бакчасы деп ат коюуга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге тапшырылсын.

 

Төрага

М. Бакиров