АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 224
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл тургуну Шабданова Айбүнүн бир тууганы Боромбаев Токтобектин оор илдетке кабылгандыгына байланыштуу материалдык жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :
1. Шабданова Айбүнүн арызы канааттандырылсын.
2. Айыл тургуну Боромбаев Токтобектин дарылануусуна жергиликтүү бюджеттен 20,0(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |