Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2023-жылдын 29-ноябры № 26-11
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек жана Калдай айылдарынын айыл башчыларынын арыздарын кароо жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек жана Калдай айылдарынын Орто кызыл бөлүмүндөгү мазардын толгондугуна байланыштуу 50метр (туурасынан) мамлекеттик фондусунун жеринен мазар кылууга уруксат берүү максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек бөлүмүнүн мамлекеттик фондусунун жеринен 50 метр (туурасынан) жер аянтын Атамерек жана Калдай айылына мүрзө кылууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Бакиров |