Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын  Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын  

 

2023-жылдын 3-ноябрындагы № 225 

 

2024-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрүн чогултуу жонүндө

 

Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын 05.12.2023-ж. № 01-2-777 сандуу кайрылуусунун негизинде кезексиз сессия токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрү чогултулсун.
  2. Токтомдун аткарылышы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаевадан жана киреше боюнча башкы адис Бакытбек кызы Аселден милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Көчөрбаевден суралсын.

Төраганын  орун басары

 

М.Э.Темиралиева