КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясынын
2023-жылдын 5-декабрындагы № 5
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы
айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын
зоналдык коэффициентинин жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 30-ноябрындагы №705/1 сандуу катынын жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин “Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары” жана “Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын аныктоо тартиби” боюнча Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна таянып Кз-Зоналык коэффициенти жергиликтүү кеңештер калктуу конуштардын экономикалык пландаштырылган зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша зонанын аймагында баа берүү боюнча айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнүн башчысы А.Жоошбаевтин сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгын эсептөө үчүн аймактык Кз-Зоналык коэффициенти 0,5 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып “мүлк” салыгы киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу жыгы айыл өкмөтүнун башчысы Т.Бобошевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджет комиссиясынын төрагасы М.Матиевке жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Т.Кушбаков |