С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз8-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 8-1
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору Аманов Тнын Араван айылынын Х.Абуллаев көчөсүндөгү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин ижарада олтурган имараттынын алдындагы айыл өкмөтүнүн мунисипалдык менчик жери болгон, жер тилкесинен аталган мекемеге мамлекеттик кеңсе курууга 0,10 га жерин ажыратып берүү боюнча сурап жазган арызын кароо жөнүндө
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору Аманов Тнын Араван айылынын Х.Абуллаев көчөсүндөгү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин ижарада олтурган имараттынын алдындагы айыл өкмөтүнүн мунисипалдык менчик жери болгон, жер тилкесинен аталган мекемеге мамлекеттик кеңсе курууга 0,10 га жерин ажыратып берүү боюнча сурап жазган арызында топтолгон документтерин карап чыгып, аталган жер тилкеси айыл өкмөтүнүн эсебинде турганын эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С.Юсупова айыл өкмөтү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынына Араван айылынын Х.Абуллаев көчөсүндөгү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин ижарада олтурган имараттын алдындагы айыл өкмөтүнүн мунисипалдык менчик жери болгон жер тилкесинен аталган мекемеге мамлекеттик кеңсе курууга 0,10 га жер аянтын ажыратып берилсин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтү “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынына Араван айылынын Х.Абуллаев көчөсүндөгү аталган мекемеси ижарада олтурган имараттын алдындагы айыл өкмөтүнүн мунисипалдык менчик жери болгон жер тилкесинен 0,10 га жерин аталган мекемеге мамлекеттик кеңсе курууга берилген макулдук маселеси С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда 0,10 га жер берүү жагы сунушталсын.
Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан айылдык кеңешинин токтомун аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н. Файзуллаев. |