Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

2023-жылдын 6-марты № 8-2

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Көчүбаев айылынын тургуну Бекюсипов Умар Араван районунун А.Анаров айыл өкмөтүнүн А.Хошимов көчөсүнүн С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Б.Айдаров көчөлөрүн туташтырып турган жаңы көпүрөнү эки тарабын элге кызмат көрсөтүүчү соода-сатык дүкөндөрүн өз каражаты менен курууга макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Көчүбаев айылынын тургуну Бекюсипов Умар Араван районунун А.Анаров айыл өкмөтүнүн А.Хошимов көчөсүнүн С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Б.Айдаров көчөлөрүн туташтырып турган жаңы көпүрөнү эки тарабын элге кызмат көрсөтүүчү соода-сатык дүкөндөрүн өз каражаты менен курууга макулдук сурап жазган арызы боюнча түзүлгөн проэкти менен таанышып, жеке ишкерлердин жана инвесторлордун сунуштарын угуп, депутаттардын сунуштарын угуп, аталган жаңы көпүрө РСЧБ жана ӨКМ гине караштуулугун жана айыл өкмөтүнүн балансында жок экендигин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 17-главасынын 89,90,91-жана 92- беренелерини негизинде

С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1.  Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Көчүбаев айылынын тургуну Бекюсипов Умар Араван районунун А.Анаров айыл өкмөтүнүн А.Хошимов көчөсүнүн С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Б.Айдаров көчөлөрүн туташтырып турган жаңы көпүрөнү эки тарабын элге кызмат көрсөтүүчү соода-сатык дүкөндөрүн курууга уруксат берилбесин.

 

2.  Араван районунун борборундагы жаңы көпүрө жана Араван –Сай Кыргыз Республикасынын ӨКМнин жана РСЧБ нын эсебинде тургандыгы белгиленсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н. Файзуллаев.