Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы

2023-жылдын 6-марты № 8-4

А.Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Жаштар көчөсүнүн тургуну Алматова Адолатхон Араван айылынын Азизахунов көчөсүндө жайгашкан (мурдагы ОсОО Ремснаптын жеринен ) сатып алган жеке менчик 1340,0кв.мт жер аянтын багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү боюнча арызын кароо жөнүндө

А.Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Жаштар көчөсүнүн тургуну Алматова Адолатхон Араван айылынын Азизахунов көчөсүндө жайгашкан (мурдагы ОсОО Ремснаптын жеринен ) сатып алган жеке менчик 1340,0кв.мт жер аянтын багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомунун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,

С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1.  А.Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Жаштар көчөсүнүн тургуну Алматова Адолатхон Араван айылынын Азизахунов көчөсүндө жайгашкан (мурдагы ОсОО Ремснаптын жеринен) сатып алган жеке менчик 1340,0кв.мт жер аянтын багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

2.  А.Анаров айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Жаштар көчөсүнүн тургуну Алматова Адолатхон Араван айылынын Азизахунов көчөсүндө жайгашкан (мурдагы ОсОО Ремснаптын жеринен) сатып алган жеке менчик 1340,0кв.мт жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүрүүдө С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөтүрүп, берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Файзуллаев